Ошто мектептердин жанындагы жолдорго окуучулардын манекени коюлууда. Сүрөт

Эгер пилоттук долбоор эффективдүүлүгүн көрсөтө турган болсо манекендер өлкөнүн башка аймактарында, анын ичинде Бишкекте дагы колдонулат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ошто жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептердин жанындагы жөө адамдар өтө турган жерлерге окуучулардын манекени орнотулуп жатат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Манекендер мектептин балансына берилди. Окуу мекемесинин администрациясы белгиленген убакытта жолго коюп турат.

"Эгер пилоттук долбоор эффективдүүлүгүн көрсөтө турган болсо, манекендер өлкөнүн башка аймактарында дагы колдонула баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Ошто 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Салам, мектеп!" рейди жүргүзүлүп, анын алкагында окуучуларга жол эрежелерин түшүндүрүү иштери аткарылат.