COVID 81 кишиге жугуп, эки адамдын өмүрүн алды. Акыркы маалымат

Пандемиядан бери коронавирус 177 389 миңден ашуун адамда аныкталып, анын жарымынан көбү айыкты. 2,5 миңден ашуун киши көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Республика боюнча акыркы суткада COVID-19 инфекциясын 81 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар:

  • Бишкек — 32;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй — 17;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас — 2;
  • Нарын — 3;
  • Ысык-Көл — 10;
  • Жалал-Абад — 10;
  • Баткен — 3.

Жаңы штаммдарга вакцина таасир эте албай калышы мүмкүн. Сурамжылоо
Жалпы коронавирус 177 389 адамдан тастыкталды.

Өткөн суткада ооруну 117 адам жеңди, баш-аягы 171 767 бейтап сакайды.

Тилекке каршы, мурдагы күндөрдөй эле дагы эки киши көз жумду. Пандемия жалпы 2 578 адамдын өмүрүн алды.

Стационарда 603, ал эми амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда.