Канда холестериндин көп экенин көрсөткөн өзгөчө белги аталды

Mayo Clinic медициналык мекемесинин адистеринин айтымында, холестериндин көбөйүшү жүрөк ооруларынын өрчүшүнө алып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кокустан тилден калуу, алдан таюу канда холестериндин көбөйүп кетишинин бирден-бир белгиси болушу ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. 

Mayo Clinic медициналык мекемесинин адистеринин айтымында, холестериндин көбөйүшү жүрөк ооруларынын өрчүшүнө алып келет.

"Жаман" холестерин кан тамырдын ичинде топтоло берип, жыйынтыгында ал жүрөккө терс таасирин тийгизет. Кан тамырга май, холестерин жана башка заттар толуп калганда атеросклероз дарты пайда болот. Алар толо берип аягында артерияны толугу менен бүтөп салат дагы адам өзүн начар сезе баштайт. Эгер мээге жеткирген артерияда атеросклероз пайда болсо, анда адам тил-ооздон калып, алдан тайып же көзү бир саамга көрбөй калышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Атеросклерозго адатта жашып өтүп калгандар кабылат. Бирок медиктер айрым учурда жаштар да чалдыгышы мүмкүн экенин белгиледи.

Дарыгерлердин айтымында, холестериндин деңгээли туура эмес тамактануудан, май, трансмай көп колдонгондон көтөрүлөт.