Дүйнөдө интернет бир нече айга өчүп калышы мүмкүн. Окумуштуулар себебин айтты

Адистердин айтымында, интернеттин иштебей калышына бир катар факторлор себеп болушу мүмкүн. Алардын арасында жаратылыш кырсыктары дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Келечекте магниттик бороондор интернеттин ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу PC Gamer порталы Калифорния университетинин окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып жазды.

Магниттик бороон учурунда Күн магниттешкен бөлүкчөлөрдү өтө көп көлөмдө бөлүп чыгарат. Мындан улам Жердин магниттик талаасы бузулуп, электр өткөрүү линияларынын ишин бузат. Ал эми бул нерсе интернеттин дүйнө жүзү боюнча бир нече айга өчүп калышына алып келиши мүмкүн.

Сентябрь айынын башынан бери окумуштуулар Күндө магниттешкен бөлүкчөлөрдүн акыркы 10 миң жылдын ичиндеги эң күчтүү чачырандылары болгонун каттоого алган.