Бишкектин борборунда ири жол тыгын пайда болду. Асмандан тартылган видео

Алдын ала маалыматтар боюнча, тыгындын жаралышына жолго токтоп калган троллейбус себеп болушу мүмкүн. Шаар мэриясы иштин чоо-жайын тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө ири автоунаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

Дрон менен тартылган кадрларда түштүктү көздөй бара жаткан автоунаалардын айдоочулары тыгында тургандан тажап, артка кетүү үчүн каршы тилкеге бурулуп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары уруксат берилбеген үзүксүз эки чийинди кесип өтүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тыгындын жаралышына жолго токтоп калган троллейбус себеп болушу мүмкүн. Шаар мэриясы иштин чоо-жайын тактап жатат.

Эске салсак, бүгүн өлкөдө жаңы окуу жылы башталды. Бир жарым жылдык аралыктан окуудан кийин мектептер менен ЖОЖдор эшигин ачты. Адатта окуу жылынын алгачкы күндөрү ар дайым унаа тыгындары болот.