Юкако Каваи жок. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы атаандаштарынын тизмеси

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт. Айсулуу Тыныбекова 4-октябрда килемге чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы атаандаштары анык болду. Мелдешке катыша турган спортчулардын тизмесин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму расмий жарыялады.

Акжол Махмудов дүйнө чемпионатына барбайт. Машыктыруучусу себебин айтты
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт. Кыз-келиндер мелдеши 4-октябрда башталат.

Айсулуу Тыныбекова 4-октябрда килемге чыгат. 62 килограмм салмакта күч сынашкан кыргыздын балбан кызы 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн мелдеште жеңип алган чемпиондук титулун коргойт.

Ослодогу биринчиликке Тыныбекованын Олимпиада жана дүйнө чемпионатынын финалында кармашкан аттандаштары: япониялык Юкако Каваи жана болгариялык Мустафа Тайбе Юсейн катышпайт.

Балбан кыздардын тизмеси:

62 килограмм

  • Вероника ИВАНОВА (Беларусь);
  • Лаис Нуньес Оливейра (Бразилия);
  • Анна Пол Годинес Гонзал (Канада);
  • Луиза Хелга Герда Нимеш (Германия);
  • Сангит Сангит (Индия);
  • Нонока Озаки (Япония);
  • Аяулым Касымова (Казакстан);
  • Винрозе Аливиса (Кения);
  • Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан);
  • Хва Юнг Сен (Корея);
  • Алехандра Ромеро Бонилла (Мексика)
  • Болортуа Хурелхуу (Монголия)
  • Виктория Мириам Оеверби (Норвегия);
  • Катажина Мадровская (Польша);
  • Алина Касабиева (Россия);
  • Нилукши Надеша Переру Голамбейж (Шри-Ланка);
  • Жансу Аксой (Түркия);
  • Илона Прокопевнюк (Украина);
  • Кайла Миракл (АКШ).