Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө

Адвокат бир нече саясатчы курал колдонуп, бийликти басып алууга белсенгени туурасында Тергөө кызматына материал түшкөнүн айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов шектелүүдө. Бул туурасында Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Активист Жеңиш Молдокматов эки айга камакка алынды
Кечээ, 14-сентябрда, Асанов кармалган. ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачкан. ИИМ Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатканын билдирген. Бирок ал кимдер менен сүйлөшкөнүн маалымдаган эмес.

Адвокат 14-сентябрда Тергөө кызматына Атамбаев, Акаев, Асанов жана башка адамдар курал колдонуп, бийликти күч менен басып алууга белсенгени туурасында материал келип түшкөнүн айтты.

Бул маалымат боюнча ИИМ азырынча комментарий бере элек. Депутат Жанар Акаев менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Ал эми Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев мындан такыр кабары жок экенин билдирди.