БИШКЕК, 14-сен. – Sputnik. Өзбекстан быйылкы жылдын алты айында дээрлик 20 миллион долларга килем экспорттоду. Товардын бул түрүн эң көп көлөмдө сатып алгандардын сап башында Кыргызстан турарын өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
"Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 7,4 миллион долларга көбүрөөк сатылды дегенди түшүндүрөт. Килемдер жалпысынан 15 мамлекетке экспорттолгон", — деп айтылат кабарда.
Жарым жыл ичинде өзбек килемдерин Кыргызстан 6,9 миллион долларга сатып алган. Андан кийинки орунда Азербайжан турат. Алар коңшу мамлекеттин килемдери үчүн 4 миллион доллар сарпташкан. Афганистан 2,4 миллионго, Россия 2,1 миллионго алган. Калган мамлекеттерге кеткен товарлардын акчасы 2 миллион доллардан төмөн.
Өзбекстанда жүндү жана жибекти кайра иштетүүгө басым жасалып, килем токуу боюнча жабдууларды сатып алууга төмөн пайыз менен насыялар берилүүдө. Ошондой эле салыктар жагынан жеңилдиктер каралып келет.