Бүгүн түштө Түп районунда болгон өрт эки бөбөктүн өмүрүн алып кетти. Сүрөт

Кичинекейлердин бири төрт, экинчиси алты жашта экени айтылды. Министрликтен кайгылуу окуянын эмнеден келип чыкканы такталып жатканын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында короодогу чөп өрттөнүп, андан кичинекей кыз менен эркек бала каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Кырсык түш ченде болгон.

"ӨКМге өрт жөнүндө маалымат түшүп, саат 15:00дө чектөөгө алынып, 17:45те толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 2017-жылы туулган кыз жана 2015-жылы туулган эркек бала каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Короодогу күйгөн 600 түк чөп балдардын өмүрүн кошо ала кеткен. ӨКМден кайгылуу окуянын эмнеден келип чыкканы такталып жатканы айтылды.