Ошто жаш мугалимдерге жер тилке менен үйдүн сертификаттары берилди. Сүрөт

Облус башчысы окуучулар олимпиада менен ЖРТда алдыңкы орундарга ээ болушу үчүн мугалимдер сапаттуу билим бериши керектигин, бул үчүн ал жакшы шарттарды түзө турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош облусундагы жаш мугалимдерге жер тилке жана батирлердин сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 14-сентябрь күнү, Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин педогогикалык кеңешмеси өтүп, ага облус башчысы Зиядин Жамалдинов катышкан.

"Ошто билим берүү көрсөткүчү салыштырмалуу жакшы эмес. Биздин облустун окуучулары предметтик олимпиада менен ЖРТда алдыңкы орундарга ээ болушу үчүн сиздер сапаттуу билим берүүгө аракет кылышыңыздар керек. Биз сиздерге жана билим берүү тармагына шарт түзүп берүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз", — деген Жамалдинов.

Ал жаш мугалимдерге акчалай сыйлык, жер тилкелерин жана батир алууга сертификат тапшырып, мындан ары да шарт түзүлө берерин белгилеген.

Ошондой эле мектептерди окуу жылына сапаттуу даярдоого салым кошкон, окуучулары ЖРТда жакшы упай топтогон, ошондой эле көп жылдан бери иштеген мугалимдерге да Ардак грамота менен акчалай сыйлыктар тапшырылган.