FIFA калысы Нурдин Букуев кезектеги дүйнө чемпионатын тейлеп, рекорд койду

Букуев үчүн карьерасындагы төртүнчү дүйнөлүк турнир болгондуктан, бул көрсөткүч боюнча ал дүйнөдө рекордсмен болуп эсептелет.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча FIFA калысы Нурдин Букуев дүйнө чемпионатындагы беттешти тейлөөгө чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук уюму билдирди.

2021-жылдагы дүйнө биринчилиги Литва өлкөсүндө өтүп жатат. Кыргызстандык рефери кечээ А тайпасында Литва — Венесуэла командаларынын беттешин тейлөөгө чыгып, хронометрист-калыстын ролун аткарды.

Букуев үчүн бул карьерасындагы төртүнчү дүйнөлүк турнир.

"Муну менен Нурдин Букуев төртүнчү жолу дүйнө чемпионатын тейлеген алгачкы FIFA калысы болду", — деп айтылат маалыматта.

Нурдин Букуев Кыргыз футбол союзунун (КФС) юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Ал Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыстык милдетти аткарсам деп кыялданары, көксөөсү быйылкы мелдеште орундалып калышы мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып айткан.