Жаңы штаммдарга вакцина таасир эте албай калышы мүмкүн. Сурамжылоо

Bloomberg сурамжылоого алган окумуштуулар жакынкы жарым жылдыкта адамзат пандемиядан арылбай тургандыгын бир ооздон бекемдешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. COVID-19 жер жүзүндөгү калктын баарына жугуп чыкмайын пандемия бүтпөйт, ал эми вакцина жаңы штаммдарга таасир эте албай калышы мүмкүн. Бул туурасында Bloomberg сурамжылоого алган окумуштуулар билдирген. 

"Адамзат толугу менен эмделип же баары ооруп чыкмайын коронавирустан кутулуп, кадимки турмушка кайтып келүүнү күтпөй эле койсок болот. Бул жакшы деп эсептелген сценарий боюнча айтылганы. Ал эми кырдаал кыйын болуп кетет деген вариант — вакцинаны пайда болгон жаңы штаммдар тоготпой калып, оору күчөп, локдаун катуулап, жаңы вакцинаны тез арада ойлоп чыгууга туура келет", — дешти эксперттер.

Bloomberg сурамжылоого алган окумуштуулар жакынкы жарым жылдыкта адамзат пандемиядан арылбай тургандыгын бир ооздон бекемдешкен. Алардын айтымында, оору мезгил-мезгили менен ар кайсы жерден от алып, мектептер жабылып, кеңселердин кызматкерлери үйүнөн иштеп, ооруканалар толуп турат.

COVID-19дун кезектеги толкунунан сактаныш үчүн эмне кылуу керек. Адистин кеңеши
"Оору эми күз-кышта күчөйт. Жер планетасындагы адамзаттын 90–95 пайызы иммунитетке ээ болуп, баары ооруп чыкмайын же вакцина алмайын вирус кайтпайт", — деген пикирин билдирген АКШ президентинин кеңешчиси, Миннесота университетиндеги жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча борбордун директору Майкл Остерхолм.

Акыркы 130 жыл ичинде пайда болуп, окумуштуулар тарабынан тыкыр изилденген грипптин соңку беш эпидемиясы COVID-19 пандемиясы кандай өнүгөрүн айтып берет. Бул туурасында даниялык окумуштуу Лоун Симонсен билдирди. Эң көп уланган эпидемия беш жылга созулуп, дүйнө жүзү 2-3 жыл ичинде инфекциянын экиден төрткө чейинки толкунун баштан кечирген.

"Ал эми коронавирус андан тез жайылып, дүйнө пандемиянын экинчи жылында үчүнчү толкундун ортосунда турат. Анын аягы али көрүнө элек", — деген эпидемиолог.

Симонсен анткен менен COVID-19 башка инфекциялардын жолу менен кетпеши мүмкүндүгүн айтат.

"Тез жуккан жана кишини аябаган азыркы вирустан көз жумгандардын саны 4,6 миллион адамга жетип калды. Бул "испанка" доорунан берки башка грипптерге караганда эки эсе ажалдуу (өлүмгө алып келген – ред.) болуп чыкты", — деген окумуштуу.

Илимпоздорду азыр болгон-бүткөн вакциналарды тоготпой койгон жаңы штаммдар пайда болуп кетпегей эле деген нерсе түйшөлтүп турат.

"Мындай нерсе болбойт деп үмүт кылып турабыз. Эгер ошондой болуп кетсе, баарын кайрадан баштаганга туура келет", — деген Симонсен.

Бир катар эпидемиологдор COVID-19 биринчи муундагы вакциналарга туруктуу болушу мүмкүн деген пикирди айтышкан. Японияда жүргүзүлгөн изилдөөдө кооптуу делген мындай мутациялар белгиленип, катталып, эсеп-чоту алына баштаган.

COVID-19 жайыла баштагандан тарта окумуштуулар вакцина азыркы апааттан көпкө чейин коргоп тура алат деп ойлошкон. Буга полиомиелитке каршы эмдөөнү мисал кылышкан. Бирок коронавирусту гриппке окшоштуруп койгон жаңы штаммдар кандай тездик менен пайда болуп жаткандыгы да ойлонто турган нерсе. Демек, бул жыл сайын эмделип туруу зарылдыгын жаратат. Ал эми вакцина кайсы штамм алдуу болуп бара жатканын карап туруп, ошого жараша улам жаңыланып турушу мүмкүн.

Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн очогу пайда болду
"Пандемия — биология эле эмес, саясаттын, коомдун маселеси болууда. Андыктан ар өлкөдө ар кайсы учурда аякташы мүмкүн. Бирок бүгүн, эртең, ал тургай бир нече айдан кийин жок болуп кетпей турганына көнүп, моюн сунууга туура келет", — деген Оксфорд университетинин медицинанын тарыхы кафедрасынын доценти Эрика Чартерс.

Ал ар бир мамлекеттин бул жаатта өз жолу бар экенин белгилеген. Маселен, коронавируска калкынын баары чалдыкпай эле "пандемиядан кийинки келечекке" кадам шилтеген Дания менен Сингапур кадимки жашоого кайтып бара жатат. АКШ менен Улуу Британия ооругандар рекорддук санга жакындагандыгына карабай чектөөлөрдү акырындык менен ала баштады. Кытай, Гонконг жана Жаңы Зеландия COVID-19 жуккан жарандары аз болгону менен баары бир локдаун тартибин карманып келет.