Бишкектин айрым райондорунда 11 күн бою газ менен ысык суу болбойт

Буга чейин "Газпром Кыргызстан" ишканасы айрым участкаларда оңдоо иштерин жүргүзөрү айтылган. Ошол эле аймактарда ысык суу да токтотулат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым райондорунда 11 күнгө, тактап айтканда, 13үнөн 24-сентябрга чейин ысык суу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, Фучик көчөсү 19/1 дарегинде жайгашкан жер астындагы түтүктөн газ чыгып жатат. Мындан улам оңдоо иштери аткарылууда.

Эртең Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График
Буга чейин "Газпром Кыргызстан" ишканасы оңдоо иштерине байланыштуу 13-20-сентябрь күндөрү Лев Толстойдо, Чоң Чүй каналында, Ала-Арча суусунда, Баетов, Алыкулов көчөлөрүндө, ошондой эле Кызыл-Аскер, Керемет, Касым, Аска-Таш, 110-квартал, Балбан-Таймаш конуштарында жана Достук кичи районунда табигый газ токтотуларын билдирген.

Мындан улам "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы аталган аймактарда 13-сентябрдан 20-сентябрга чейин ысык сууну токтотууга аргасыз болот.

"Факел" от казаны кечээ өчүрүлгөн, бүгүн болсо "КЭЧ-1", "КЭЧ-2", "Мектеп-интернат-1" жана "ВЧ" от казандарын өчүрүү күтүлүүдө.