Кыргызстанда кыска метраждуу тасмалардын фестивалы башталды. Сүрөт

Сынакка катышуу үчүн чет өлкөлүк жана ата мекендик режиссерлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. Тасмаларды КМШ, Балтика жана Грузиянын калыстары бааламакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкекте "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышындагы X эл аралык кинофестиваль башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чаранын ачылыш салтанаты "Манас" кинотеатрында өтүп, кызыл килем төшөлгөн. Ага Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев,  "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалынын директору Фархад Бекманбетов жана башка маданият өкүлдөрү катышты.

Татарстанда Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Сүрөт
Фестиваль Маданият министрлиги, КМШга мүчө-мамлекеттердин өлкөлөр аралык гуманитардык кызматташтык фонду жана "Айтыш" коомдук фонду тарабынан ишке ашууда.

Быйылкы иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Ал эл аралык жана улуттук конкурстарды камтыйт. Анда фантастикалык, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар көрсөтүлмөкчү.

Быйыл кинофестивалга чет өлкөлүк жана ата мекендик режиссерлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. Тасмаларды калыстар тобу бааламакчы, анын курамына КМШ, Балтика жана Грузиянын белгилүү кино өкүлдөрү кирген.

14-сентябрда башталган иш-чара 17-сентябрда бүтөт.