Бишкекте мамлекеттик бала бакчалар кийинки жумадан тарта иштейт

Чечим 14-сентябрда кабыл алынды. Мэрия ата-энелерге үйдө ооруп жаткандар болсо баланы бакчага алып келбеш керектигин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкектеги мамлекеттик бала бакчалар 20-сентябрдан тарта иштейт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Мындай чечим бүгүн, 14-сентябрда, кабыл алынганы айтылды.

"2021-жылдын 20-сентябрында бала бакчалар иштей баштайт. Бишкек шаарынын райондору менен калаанын Билим берүү башкармалыгына бала бакчаларды азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча иштерди аткаруу тапшырмасы берилди", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия ата-энелерге үйдө ооруп жаткандар болсо баланы бакчага алып келбеш керектигин эскертти.