Акжол Махмудов дүйнө чемпионатына барбайт. Машыктыруучусу себебин айтты

Балбандын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов балбан азыркы тапта Олимпиададан кийин калыбына келүү процессинен өтүп жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Ослодо өтүүчү дүйнө чемпионатына катышпайт. Маалыматты Кыргызстандын улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум
Анын айтымында, мелдешке бара турган курам учурда аныкталып жатат. Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт.

Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов балбан ушу тапта Олимпиададан кийин калыбына келүү процессинен өтүп жатканын белгилеп, азырынча эч кандай мелдештерге барбай турганын билдирди.