Уурдаган жылкысын "Жигулиге" салып бараткандар кармалды. Казакстандагы видео

Полиция ал жаран буга чейин да бир нече жолу жылкы, торпок уурдаганын аныктаган. Ал беш жылга чейин кесилиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Казакстанда жылкы уурдап, аны жеңил унаасынын ичине салып алып бараткан ууру кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Окуя Чыгыш Казакстан облусунда болгон, полиция шектүү катары 31 жаштагы кишини колго түшүрдү.

Ал уурдаган жылкысынын төрт бутун байлап, "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаасынын салонуна салып алып, андан ары кардар издеген.

"Шектүү сентябрь айынын башында кармалган. Кайгуул полиция батальонунун кызматкерлери автоунааны токтотуп текшере келгенде ичинен тирүү жылкы чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Полиция аталган жаран буга чейин да бир нече жолу жылкы, торпок уурдаганын аныктаган. Эми ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.