Өлкөнүн соттору Жалал-Абадда футбол боюнча күч сынашты. Сүрөт

Бул турнирге судьялардан турган жети облустун жана Бишкек шаардык сотунун курама командалары катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Узаган дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарында кичи футбол боюнча Жогорку соттун жетекчисинин кубогу өттү. Бул туурсында аталган соттун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана жергиликтүү фемида өкүлдөрүнүн судьялары катышты.

"Сотто көп учурда адамдын тагдырына байланышкан, дегеле анын келечегин аныктаган чечимдерди кабыл алууга туура келет. Бүтүндөй өлкөнүн атынан чечим кабыл алуу милдети жүктөлгөн кызматкер өзүн коомго үлгү боло тургандай алып жүрүүгө милдеттүү. Бийик талаптар кесиптик даярдыгына эле эмес, ден соолугуна, кулк-мүнөзүнө да коюлушу шарт. Ошондуктан биз сот тутумунда спортко дагы жетишерлик көңүл бурушубуз керек", — деп айткан Бакирова турнирди ачып жатып.

Судьялардан турган жети облустун жана Бишкек шаардык сотунун курама командалары катышкан.

УКМК: Камчыбек Ташиевдин кубогу үчүн республикалык спартакиада башталды
Жыйынтыгында мыкты деп табылган үч команда кубок, Ардак грамота, акчалай сыйлыктар жана Жогорку соттун төрайымынын өтмө кубогу менен сыйланышты.

Биринчи орунду Ош облустук соту, экинчи орунду Талас,  үчүнчү орунду Баткен облустук соту ээлеген.

Кийинки турнирди Бишкек шаарынын соттору уюштурмай болду.

Жогорку соттун жетекчисинин кубогуна турнир алгач 2018-жылы Ысык-Көл облусунда, 2019-жылы Чүй облусунда өткөнүн кошумчалашты.