"Унаа" мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев иштен алынды

Турусбек Түмөнбаев директор болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган болчу. Ал президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Түмөнбаев өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу мекеменин башчылыгынан министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен бошотулган.

Улукбек Мариповдун биринчи орун басары дайындалды
Ал бул мекемеге 2020-жылдын октябрында Марат Пирназаровдун ордуна келген болчу.

26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланып калганын билдирди. Белгилей кетсек, Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.