Ош шаардык соту Кылыч Саркарбаевди актады. Прокуратура облустук сотко даттанат

Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен кармалган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ош шаардык соту калаа мэриясынын спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылыч Саркарбаевди актады. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өкүм 11-августта чыккан. Сот Жазык кодексинин 359 ("Документтердин жасалмалоо") жана 142-беренеси ("Ден соолукка этиятсыздыктан оор зыян келтирүү") боюнча Саркарбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан. Анын негизинде мурда тандалган баш коргоо чарасы алып салынып, үй камагынан бошотулган.

Исхак Пирматов мамлекетке 300 миң сом төлөмөй болду
Ош облустук прокуратурасы жогорудагы өкүм менен макул болбой облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирген.

Кылыч Саркарбаев паспортун жасалмалаган жана криминалдык иштерге аралашкан деген кине менен өткөн жылдын 17-декабрында УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Атайын кызмат ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгонун билдирген. Бул окуяга байланыштуу Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.

Ал эми 16-январда үй камагына чыгарылган.

Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.