Соода-сатыкты башка өлкөлөр менен жакшыртууда, айыл чарба өндүрүшүн алга жылдырууда соода-логистикалык борборлордун орду абдан маанилүү. Мындай пикирин Марат Асыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соода-логистикалык борборлор аркылуу кайра иштетүү, транспорттук, транзиттик потенциалды жолго салса болот.
"Экспорттук багытта айыл чарба продукцияларын ири көлөмдө сыртка чыгаруу учурдун негизги талаптарынын бири. Бул боюнча мамлекет, өкмөт жана министрлик да түрдүү чараларды колдонуп келет. Алсак, соода-сатыкты башка өлкөлөр менен жакшыртууда, айыл чарба өндүрүшүн алга жылдырууда соода-логистикалык борборлордун орду абдан маанилүү. Ал кызмат көрсөтүүнү камсыз кылып, транспорттук, кайра иштетүү, транзиттик потенциалга ээ. Мындан тышкары, жергиликтүү жана эл аралык өндүрүүчүлөр үчүн коммерциялык негизде операторлордун жардамы менен кызмат көрсөтүүчү борбор болуп саналат", — деди Асыпбеков.
Ошондой эле адис соода-логистикалык борборлорун түзүү аркылуу өкмөт тарабынан айыл чарба продукцияларын экспортко ири көлөмдө чыгаруу каралып жаткандыгын кошумчалады.