Шейшембиге карата аба ырайы

14-сентябрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Шейшембиде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас өрөөнүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +21…+26 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаабайт. Күндүн табы борбордо +27…+29, Ош шаарында +31…+33 градусту көрсөтөт.