УКМК Кореянын каржылоосу менен киберкоопсуздук долбоорун ишке ашырат

Долбоор алдыдагы беш жыл аралыгында иштемекчи. Корея беш миллион долларды грант катары бөлөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агенттик (KOICA) киберкоопсуздук долбоорун каржылайт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМК шайлоодогу киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча БШКга кол кабыш кылат
Бүгүн "Кыргыз Республикасындагы компьютердик чууга ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү" жөнүндөгү гранттык долбоорду ишке ашыруу боюнча талкуу протоколуна кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, долбоор өлкөдөгү киберкоопсуздуктун абалын жакшыртууга багытталган.

SOC борборун түзүүгө, жабдуулар жана программалар менен камсыздоого, мамлекеттик органдардын киберкоопсуздугун коргоого жана адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча чечимдерди жайылтууга жалпы жонунан беш миллион доллар бөлүнөт.

Долбоорду ишке ашыруу узактыгы — беш жыл (2021-2025-жылдар).