3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди

Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук району коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында жөнөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортуна Кытайдан Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жардамды Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-уйгур автономдук району көрсөткөн.

"Коронавирус менен күрөшүү максатында жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата коңшу мамлекеттен бир жолу колдонула турган 3 миллион даана бет кап, N95 бет кабынан 100 миң даана жана 20 миң коргонуучу костюм келген", — деп айтылат маалыматта.

Жүктү министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов тосуп алып, Кытай мамлекетине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.