COVID 68 кишиден чыгып, эки бейтап акка моюн сунду. Соңку маалымат

Учурда стационарда 649, амбулатордук түрдө 1021 адам дарыланууда. Оору жуктуруп алгандар мурдагыдай эле Бишкек менен Чүйдө көбүрөөк.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту бир суткада 68 киши жуктурганын Республикалык штаб кабарлады.

Ооругандар:

  • Бишкек — 31;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй — 15;
  • Нарын — 4;
  • Ысык-Көл — 8;
  • Жалал-Абад — 4;
  • Баткен — 3.

Пандемиядан бери жалпы Кыргызстанда 177 226 кишиден вирус тастыкталды.

Ал эми бир сутка ичинде 95 бейтап сакайып, ооруну жеңгендер 171 523кө жетти.

Тилекке каршы, эки киши коронавирустан каза тапты. Жугуштуу илдет жалпы 2 574 адамдын өмүрүн алды.

Учурда стационарда 649, амбулатордук түрдө 1021 адам дарыланууда.