Ысык-Көлдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуу башталды

Иш-чаранын алкагында россиялык фирмалар чыгарган пилотсуз учуучу аппараттардын акыркы үлгүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында пилотсуз аппараттарды колдонуу боюнча Кыргызстан жана Россиянын биргелешкен машыгуулары башталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Иш-чара баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган. Машыгуу учурунда эки өлкөнүн компетенттүү органдары кылмышкерлердин изине түшүү, дайынсыз болуп жаткандарды издөө, кара куурай өскөн жерлердин картасын түзүү жана кыймылдагы объектилерди кармоо тапшырмаларын аткарышат.

"Муну менен укук коргоо органдары пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча тажрыйбаларын арттырышат", — деп айтылат маалыматта.

Машыгуунун жыйынтыктары 17-сентябрда Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин көчмө жыйынында каралат.

Иш-чаранын алкагында россиялык фирмалар чыгарган пилотсуз учуучу аппараттардын акыркы үлгүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу пландалууда.