Кеминде дүкөндөрдү тоноого шектелип 11 жана 15 жаштагы балдар кармалды

Учурда келтирилген чыгымдын суммасы такталууда. Милиция шектүүлөрдүн башка дагы кылмыштарга тийиштиги бар-жогун изилдеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Дүкөндөрдү тоногон деген шек менен 11 жана 15 жаштагы эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди.

Уурдаган жылкысын "Жигулиге" салып бараткандар кармалды. Казакстандагы видео
Буга чейин Кемин районунун тургундары милицияга арыз менен кайрылган. Алар белгисиз адамдар дүкөндүн ичине кирип акча, смартфон, азык-түлүк, спирт ичимдиктерин жана башка нерселерди уурдап кеткенин айтышкан.

Келтирилген чыгымдын суммасы такталып жатат.

С. Э. жана С. Э. аттуу шектүүлөр милицияга жеткирилип, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тартип сакчылар шектүүлөрдүн башка дагы кылмыштарга тийиштиги бар-жогун изилдеп жатат.