БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстан жарандарынын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграциясын уюштурган канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү иш-чараны Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын кызматкерлери жүргүзгөн.
"2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган ЖЧК PEACE жеке агенттиги белгилүү бир акча каражатына Европа өлкөлөрүнүн паспортун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америкада жарандарды жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз кызмат көрсөтүп келген", — деп айтылат маалыматта.
Жасалма паспортторду колдонгон жарандар Украинанын Чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерланддын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик жана кеңсе техникалары табылган. Аларга экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМ кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экенин аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандарды (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25 номерине байланышууну суранды.