Бала бакчалар 15-сентябрдан тарта иштей баштайбы? Министрликтин жообу

Эгер бала бакча кызматкерлеринин 70 пайызы эмделген болсо, анда ал мекеме иштей турганы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда бала бакчалар кайсы учурда иштээрин түшүндүрдү.

Журналисттердин бири министрдин орун басарына "15-сентябрдан тарта бала бакчанын баары иштей баштайбы?" деген суроо узаткан.

"Эгер бала бакча жайгашкан аймакта эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болуп, коронавирус жуктургандардын саны азайып, бакча кызматкерлеринин 70 пайызы эмделсе, анда ал бала бакча иштейт. Бишкекте төрт район бар. Ошол төрт райондун ар бириндеги эпидкырдаал эске алынат", — деди Жусупбекова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат. Мектеп окуучуларынын баары кадимки тартипте окуй турганы маалым болгон.