Арыктаган Ким Чен Ын, бактылуу Жей Ло жана мечиттеги автомат. Апта ирмеми

Sputnik

Гвинеяда аскердик көтөрүлүш болду. Козголоңчулар башчысы полковник Мамади Думбуя өкмөттүн тараганын жар салып, өлкөнүн азыркы Баш мыйзамы жокко чыгарылгандыгын жана чек аралар жабылгандыгын айткан.

Талибдер жаңы окуу жылынын алдында университет, колледждердеги кыз-келиндерди сабак учурунда никаб кийгенге милдеттендирди. Билим кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө берилерин айтышкан. Алар бир жайда окуй турган болсо, кыз-келиндер отурчу жакты кездеме менен тосуп коюу керек дешкен.

Көл менен тоолордун курчоосунда өткөн ЖККУ машыгуусунан 15 сүрөт
Парижде Франциянын республикалык гвардиясынын оркестри француздардын атактуу актёру Жан-Поль Бельмондонун элесине арналган иш-чара өттү. Бельмондо 6-сентябрда 88 жашында көз жумган.

Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарынын элесине арналган Public art Tribute in Light жарык инсталляциясын күйгүзүштү. Анда 88 прожектор талкаланган эгиз мунараны элестетип, асманды көздөй кеткен эки жарыкты берип турду.

Ричмонд шаарында америкалык генерал-конфедерат Роберт Линин статуясын алып салышты. Ал учурда Black Lives Matter кыймылынын ураанын айтып турушту.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньян мамлекеттин түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына арналган салтанатта аскерлердин алдына чыгып, анын бир топ арыктап калганы байкалды.

1 / 18
Гвинеядагы аскердик көтөрүлүшчүлөрдүн лидери, полковник Мамади Думбуянын Конакридеги Элдик сарайга келген учуру. ЖМКлар 5-сентябрда мамлекеттик төңкөрүш болгонун жазган. Думбуя өкмөттүн тараганын жар салып, өлкөнүн азыркы Баш мыйзамы жокко чыгарылгандыгын жана чек аралар жабылгандыгын айткан
2 / 18
Кабулдагы менчик университеттин студенттери сабак учурунда. Талибдер жаңы окуу жылынын алдында университет, колледждердеги кыз-келиндерди сабак учурунда никаб кийгенге милдеттендирди. Билим берүү кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө өтөрүн айтышкан. Эгерде алар бир жайда окуй турган болсо, кыз-келиндер отурчу жакты кездеме менен тосуп коюу керек дешкен
3 / 18
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт сарайда Кыргызстан — Бангладеш футболчулары беттешкен учурда жигит кыздын колун сурады. Чыгыш тараптагы трибунада, тагыраагы, кыздын маңдай жагында, "Жибек! Мага турмушка чыгасыңбы?" деген жазуусу бир нече метрлик баннерди күйөрмандар көтөрүп турушту. Селки мындай сунушка "макулмун" деген жообун берген
4 / 18
Франциянын республикалык гвардиясынын оркестри Жан-Поль Бельмондонун элесине арналган Париждеги иш-чарада. Француздардын атактуу актёру Жан-Поль Бельмондо 6-сентябрда 88 жашында көз жумган
5 / 18
Актёр Бен Аффлек менен Женнифер Лопес венециялык 78-кинофестивалда көрсөтүлүп жаткан "Акыркы дуэль" фильминин бет ачарына келишти. Бул түгөйлөрдүн бири-бирине болгон арзуусу кайра жандангандан кийин эл алдына биринчи чыгышы
6 / 18
Батыш явалык кыздар сабактан талаа жак менен кайтып келе жатат (Индонезия)
7 / 18
Ысык-Көлдө 2021-жылдын 7-9-август күндөрү ЖККУ күчтөрүнүн "Рубеж-2021" аталышындагы аскердик машыгуусу өттү. Акыркы этап "Эдельвейс" полигонунда болду. Машыгуу учурунда аскер зениттик "Стрела" ракетасынан атып жатат. Катышуучулар террорчулукка каршы биргелешкен операция өткөрүү боюнча да машыкты. Алар ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирип келген мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топту "жок кылды"
8 / 18
Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарынын элесине арналган Public art Tribute in Light жарык инсталляциясын күйгүзүштү. Инсталляцияны шаардыктарга күн батары менен ачып беришти. Анда 88 прожектор талкаланган эгиз мунараны элестетип, асманды көздөй кеткен эки жарыкты берип турду
9 / 18
Гренландиядагы Сермициак тоосунун үстүнөн учуп бара жаткан ар чардак
10 / 18
Пекиндеги (Кытай) мода жумалыгынан бир көрүнүш
11 / 18
Ричмонд шаарында америкалык генерал-конфедерат Роберт Линин статуясын алган учурда Black Lives Matter кыймылынын ураанын айтып турушту. Ричмондогу бул статуя конфедераттарга тургузулган эң маанилүү эстеликтердин бири
12 / 18
Валенсияда (Испания) Фальяс деп аталган салттуу фестиваль өттү. Ал адатта мартта белгиленет, бирок коронавирустан улам бул иш-чара акыркы ирет 2019-жылы уюштурулган эле.
13 / 18
"Талибан" (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм) кыймылынын согушкери жана анын автоматы. Сүрөт Кабулдагы жума намаз учурунда мечиттен тартылган
14 / 18
Норвегиялык модель Фрида Аасен венециялык 78-кинофестивалда
15 / 18
Бразилия президенти Жаир Болсонарунун тарапкерлери Сан-Паулу шаарындагы митинг учурунда
16 / 18
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын мамлекеттин түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына карата салтанатта аскерлер менен учурашууда. Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жарыялаган сүрөттө Ким Чен Ындын арыктап калганын байкоого болот
17 / 18
Ветеринарлар кериктин мүйүзүн аралаар алдында анын көзүн таңып жатат. Сүрөт Түштүк Африка Республикасындагы ири жеке корукта тартылган. Алардын мүйүзүн жаныбарларды браконьерлердин кол салуусунан сактоо үчүн алып салышат
18 / 18
Нью-Йорк шаарындагы мода жумалыгы: LaQuan Smith коллекциясын көрсөтүү учурунан бир ирмем