Өлкөдө электрондук каттоо менен 1-класска кирген окуучулардын саны айтылды

Өлкөдө бир катар шаарларда мектепке электрондук каттоо системасы ишке кирген. Бишкек шаарында ал системанын жардамы менен 16 863 бала мектеп босогосун аттады
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова электрондук автоматташтырылган система аркылуу канча бала 1-класска катталганын айтты.

Белгилей кетсек, окуу жылынын башталышынын алдында Билим берүү жана илим министрлиги мэрия менен биргеликте маалымат жыйын өткөргөн.

Министрдин орун басары Бишкекте 16 863 окуучу 1-класска катталганын билдирип, бирок бул сан дагы көбөйүшү ыктымал экенин белгиледи.

"Ички миграциядан улам айрым ата-энелер балдарын каттатууга жетише элек. Мындан улам бул сан 17 миңге жетиши же андан ашышы ыктымал. Так саны 20-сентябрдан кийин маалым болот", — деди Жусупбекова.

Өлкө боюнча электрондук автоматташтырылган система аркылуу катталган окуучулардын саны:

  • Ош шаары — 8 925 окуучу;
  • Баткен облусу (Баткен шаары, Кызыл-Кыя шаары) — 2 431;
  • Ысык-Көл облусу (Каракол шаары) — 1 975;
  • Нарын шаары — 1 157;
  • Жалал-Абад шаары — 2 862;
  • Талас шаары — 1 015;
  • Кара- Суу шаары — 865;
  • Кара-Балта шаары — 1 172;
  • Токмок шаары — 1 831.