Тендер чуусу. Өкмөт Жапаровдун кудасы жетектеген "Унаа" мекемесин текшерип жатат

Өкмөттөн 26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле башталганын кабарлашты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланып калганын билдирди.

Тендер ушул жылдын 21-июлунда "Унаа" мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган.

"Түшкөн маалыматка ылайык, бланкаларды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 миллион сом сунуштаган "Гознак" ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда алардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек. 26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштаган", — деди Марипов. 

550 миң доллар алган. УКМК коррупцияга шектүү деп БШК мүчөсүн кармады
Мунун алкагында тендер келишимге кол коюла электе эле жокко чыгарылганы белгиленди. "Унаа" мамлекеттик мекемесине транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган.

Маалымат кызматы текшерүүнүн жыйынтыгы эртең, 13-сентябрда, коомчулукка жарыяланарын билдирди.

Белгилей кетсек, "Унаа" мекемесин Турусбек Түмөнбаев өткөн жылдын ноябрь айынан бери жетектейт. Ал президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин бир катар ЖМКлар жазып чыккан.