Мугалим менен окуучунун ортосундагы конфликтини ата-эне кантип чече алат

Адистин пикиринде, адатта ата-эне мектептеги кырдаал тууралуу баладан гана угуп билет. Андыктан дароо мугалим менен урушууга даярданбай, анын дагы пикирин угушу зарыл.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бала менен мугалимдин ортосунда конфликт жаралган учурда аны ата-эне кантип чечсе болот? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россиянын билим берүү тармагындагы психологдор федерациясынын мүчөсү, педагог Юлия Челышева айтты.

Адистин пикиринде, адатта ата-эне мектептеги кырдаал тууралуу уулу же кызынан гана угуп билет.

"Бала балалык кылып же дагы башка себептерден улам окуяны башкача өңүттө айтып бериши мүмкүн. Андыктан ата-эне эрте эле бүтүм чыгарып алып, мектепке мугалим менен урушууга эмес, диалогго даяр болуп келиши керек. Кандай гана көйгөй болбосун сүйлөшүү, бири-биринин пикирин угуу жолу менен чечсе болот", — деди психолог.

Адис мектептеги пикир келишпестик бардык тараптарга терс таасирин тийгизерин айтат.

Балага идеалдуу репетиторду кантип тандаш керек
"Бала психологиялык жактан жабыркайт. Ал эми мугалимдин беделине шек келет. Анткени ата-эне менен болгон чатак сөзсүз изин калтырат. Баарынан ата-эне көбүрөөк кыйналат. Мугалим менен тил табыша албаса, башка адис издөө же баланы башка мектепке которуу өтө түйшүктүү нерсе", — деди Челышева.

Сөзүнүн аягында адис кандай жагдай болбосун алгач ата-эне мугалим менен өзүнчө, бала менен өзүнчө сүйлөшүп алуусу керектигин айтты. Анткени үч тарап бирге отуруп сүйлөшкөн учурда бала өз оюн толук айта албай калышы мүмкүн.