Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн очогу пайда болду

Алдын ала маалыматтар боюнча, коронавирустун варианты өтө жугуштуу болгон "дельта" штаммы катары сыпатталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кытайдын Фуцзянь провинциясында коронавирустун жаңы түрүнүн очогу чыкканын РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып жазды.

COVID болгондордун арасында күчтүү иммунитет иштелип чыгары аныкталды
Учурда Путянь шаарынын Сянью уездинде алты кишиден жаңы типтеги коронавирус табылып, 18 адам симптому жок ооруп жатат. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан 81 938 анализ  алынган.

Алдын ала берилген маалыматтарда коронавирустун варианты өтө жугуштуу болгон "дельта" штаммы катары аныкталганы айтылды.

ДССУнун маалыматы боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 223 миллион киши коронавируска чалдыкты. АКШ, Индия жана Бразилия оор кырдаалда турат.