Кыргызстандык каратист КМШ оюндарынын чемпиону болду. Сүрөт

Финалдык беттеште кыргызстандык спортчунун атаандашы татамиге чыкпагандыгына байланыштуу автоматтык түрдө жеңүүчү аталды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Каратэ боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Спортчу 67 килограмм салмак категориясында беттешкен.

Алтын байге! Балбан Калмира Билимбек кызы КМШ оюндарында чемпион болду
Ал чейрек финалда россиялык спортчуну 5:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште беларустук атлетти 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо уткан.

Бирок финалдык беттеште кыргызстандык спортчунун атаандашы татамиге чыкпагандыгына байланыштуу автоматтык түрдө жеңүүчү аталган.

Каратэ боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышкан. 

Белгилей кетсек, бир жума мурда башталган КМШ оюндары кечээ, 11-сентябрда, жыйынтыкталды.