COVID: Кыргызстанда акыркы суткада 6,5 миңден ашуун адам вакцина алды

Жалпысынан коронавирустан коргогон препаратты Кыргызстанда 700 миңден ашуун адам алды. Вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 6 559 адам коронавируска каршы вакцина сайдырды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Анын ичинен 3 103 киши биринчи дозаны, 3 456 адам экинчи ирет алган.

Ал эми жалпысынан вакцинанын биринчисин 734 940, экинчисин 521 749 киши сайдырды.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.