Бокс легендасы Холифилд атаандашы Белфортко техникалык нокаут менен утулган видео

Он жылдан кийин рингге кайткан Холифилд атаандашы тараптан күчтүү чабуулдар болбогонун жана реферилер кармашууну эрте токтотуп салганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. UFC уюмунун экс-чемпиону Витор Белфорт менен бокс легендасы Эвандер Холифилдди утуп алды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Бокстук беттеш ишемби күнү АКШнын Флорида штатында өттү. Биринчи раундда эле 44 жаштагы Белфорт 58 жаштагы Холифилдди техникалык нокаутка кетирген.

​Атактуу боксчу дароо эле Холифилд атаандашы тараптан күчтүү чабуулдар болбогонун жана реферилер кармашты эрте токтотуп жибергенин билдирди. Ошондой эле ал журналисттердин "Майк Тайсон менен беттешесизби?" деген суроосуна "албетте" деген.

Дал ушул турнирде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өзүн комментатор катары сынап көрдү.

Холифилд 2011-жылдан бери беттешке чыга элек болчу. Ал эми Белфорт бокс боюнча карьерасындагы экинчи кармашты өткөрдү.