Төрт дөңгөлөгү асманды карап... Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктап, окуядан жабыркагандар бар экенин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жол кырсыгы болгонун күбөлөр маалымдап, видеосу жарыяланды.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, эки автоунаа кагышкан соң бири аңтарылып калган.

Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктап, окуядан жабыркагандар бар экенин билдирди. Ушу тапта маалымат дагы такталып жатат.