Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео

Активист коопсуздук үчүн мындай жарыштарды уюштурууга жол бербөөнү же "Манас" трассасын жаап берүүнү сурады.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз уюштурулган автожарыш учурунда Nissan GT-R үлгүсүндөгү спорттук автоунаа кырсыкка кабылды. Бул туурасында активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кырсык кечээ кечинде болгон. Кадрдан спорттук машинанын айдоочусу жолдун эки тилкесин бөлүп турган тосмонун сүзүп алганын көрүүгө болот.

Ибрагимов коопсуздук үчүн мындай жарыштарды уюштурууга жол бербөөнү же аларга "Манас" аэропортуна бараткан трассаны жаап берүүнү сурады.