Жекшембиге карата аба ырайы

12-сентябрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас өрөөнүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын аймагында +19…+24 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбордо +24…+26, Ош шаарында +27…+29 градус болуп жылыйт.