БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. УКМК Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Э. кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, бул былтыркы жылкы парламенттик шайлоого байланыштуу.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, УКМКга БШКнын учурдагы мүчөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал комиссия мүчөсү "Кыргызстан" партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, былтыркы жылдын июнь айында 550 миң доллар пара алганын айткан. Бул үчүн талапкер партиялык тизмеде алдыңкы бештикке кошулушу керек болчу.
"Анткен менен БШК мүчөсү берген убадасын аткарбай, ошол эле учурда талапкерге 300 миң гана долларын кайтарып берген. Калган 250 миңи өзүндө калган. 11-сентябрь күнү БШК өкүлүнүн өзгөчө статусун эске алуу менен Башкы прокуратура анын кылмышка шектелип жаткандыгы боюнча билдирүү жөнөткөн", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле күнү ал Биринчи май райондук сотуна чакыртылып, тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизүү боюнча баш коргоо чарасы каралды.
Аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин 204-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши ачылды.
БШКга А.Э. деген инициалдар менен Акылбек Эшимов гана мүчөлүк кылат.