БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Касперский лабораториясы" эл аралык компаниясы жана УКМКнын кибер коопсуздукту камсыздоо координациялык борбору Кыргызстанда "киберкалкан" түзүшөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, мекеме "Касперский лабораториясы" компаниясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон. Келишимдеги негизги тапшырмалардын бири — кибер коопсуздук боюнча комплекстик системаны киргизип, иштеп чыгуу.
Эл аралык компаниянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын башынан бери Кыргызстандагы ар бир төртүнчү интернет колдонуучу түрдүү чабуулга кабылган.
"Касперский лабораториясы" долбоорго дасыккан адистерди тартууну пландап жатканы айтылды.
"Компания коргонууну өз алдынча башкарууга жардам берип, бул багытта системдик администратор жана маалымат системасы боюнча адистерге семинар өткөрүп, аларга консультация берип турмакчы. Мындан тышкары. ЖОЖдордун биринде "маалыматтык коопсуздук" деп аталган окуу борборун жана класстарды ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
УКМК болсо жеке колдонуучу, бизнес жана мамлекеттик секторго кибер чабуул жасагандарга каршы күрөшө турганы айтылды.