"Тилектештик автобусу" долбоору 2016-жылдан 2019-жылга чейин 1 167 калктуу пунктуну тейледи. Анда жалпы 13 миңден ашык адам укуктук жардам алышкан. Бул тууралуу Акжол Калбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Нарында социалдык, үй-бүлөлүк маселелер көп болсо, Баткенде жер көйгөйү курч.
"Тилектештик автобусу" бул калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү үчүн атайын транспорт менен өлкөнүн алыскы региондорун кыдырган Социалдык фонд, Мамлекеттик каттоо кызматы, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сыяктуу башка мамлекеттик органдардын адистеринин тобу. Демилге элдин юридикалык маселелерин чечүүгө багытталып, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга арналган. "Тилектештик автобусу" алдын ала түзүлгөн график боюнча аймактарга чыгат. Бийликтин жергиликтүү органдары, атап айтканда, айыл өкмөттөрү "Тилектештик автобусунун" келиши тууралуу жашоочуларга алдын ала билдиришет. Башында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик долбоорду олуттуу кабыл алган эмес. Түшүндүрүү иштеринен кийин иш колдоого алынды. Долбоордун негизги максаты — юридикалык кеп-кеңеш берүү болуп саналат. Эгер кайрылган адамдын маселесин сот аркылуу чечүү керек болсо, анда адистер арызын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборуна жөнөтөт. Ал борбор аркылуу адвокат алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мыйзам боюнча эгер жарандын айлыгы 9270 сомдон ашпаса ал акысыз адвокат ала алат. Бүгүнкү күндө мындай жардам 7000дей кишиге көрсөтүлдү. Натыйжада 60 пайызынын иши жакшы жагына чечилди. Анын ичинен төрт кишиге актоо чечими чыккан", — деди Калбеков.
Ал "Тилектештик автобусу" долбоору натыйжа бериши үчүн 2020-жылдан баштап калкка жардам көрсөткөн кызматкерлер атайын окуулардан өткөнүн жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча китепчелер чыгарылганын кошумчалады.