Татарстанда Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Сүрөт

Кинофестивалда кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк", Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы да тартууланган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Татарстанда кыргыз режиссёру Болотбек Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Татарстанда Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Сүрөт

Билдирмеге караганда, кинокартина XVII Казань эл аралык кинофестивалында режиссёрдун 80 жылдыгына арналган программанын алкагында тартууланган.

"Кинофестивалдын коноктору жана көрүүчүлөрү Шамшиевдин эмгегин кызыгуу, суктануу менен көрүштү. Сынактан тышкары программада кыргызстандык режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк", Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы да көрүүчүлөрдүн назарына сунушталган", — деп айтылат маалыматта.

Фестивалдын конкурстук программасына кыргызстандык эки режиссёрдун кыска метраждуу тасмалары илингени кошумчаланды.