Таласта Айтматов атындагы үч кабаттуу эл аралык китепкана салынат. Сүрөт

Китепкананын курулушун Талас облусунан чыккан бир нече киши каржылоодо. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, имаратты салууга 300 миң доллар сарпталат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Талас шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык китепкананын пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Иш-чарага облус башчысы Бакытбек Нарбеков баштаган бир катар жетекчилер катышты.

Китепкананын курулушу Талас облусунан чыккан бир нече кишинин демөөрчүлүгү менен ишке ашып жатканы айтылат. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, аны салууга 300 миң доллар сарпталат.

"Салына турчу китепкана үч кабаттан туруп, жалпы аянты 1 300 метр чарчыны түзмөкчү. Имаратта китеп окуу бөлмөлөрү, класстар, эс алуу жайлары, кафетерий, намазкана жана конференция залы болмокчу", — деп айтылат маалыматта.

Облус башчысы Бакытбек Нарбеков демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, мындай саамалык башкаларга да үлгү экенин белгилеген.