Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр

Катышуучулар Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөдөн тарта Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка чейин чуркашты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ош шаарында бүгүн COVID-19, ВИЧ жана кургак учук илдеттери менен күрөшүүгө арналган марафон болуп, ага 300дөй адам катышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлады.

Катышуучулар Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөдөн тарта Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка чейин чуркашты.

"Ден соолукту бекемдөөгө арналган бул иш-чара муниципалдык органдар жана бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулган. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө

Анда бардык каалоочулар ВИЧти аныктоо боюнча ыкчам анализдерди тапшырып көрүштү.