БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Белгилүү "Орёл и решка" трэвел-шоусунун тобу Кыргызстан тууралуу тартылган эки чыгарылыштын анонсун Instagram баракчасына жарыялады.
Анда боз үйдөгү, жайлоодогу жашоо көрсөтүлүп, алып баруучулар, жергиликтүү тургундар да салттуу кийимдерди кийип тартылышкан.
Маалым болгондой, көрүүчүлөр Кыргызстан тууралуу тартууну көптөн бери суранып келишкен. Бул ирет алар Ош жергесин көрсөтүшкөн.
Чыгарылыш "Новый канал" жана "Пятница" телеканалдарында бүгүн көрсөтүлүп, долбоордун YouTube-каналына эртең жарыяланат.
2013-жылы трэвел-шоу Бишкекте атайын берүү тартып кеткен.
"Орёл и решка" — саякат жөнүндө жасалган таанып билүүчү программа. Анын ар бир чыгарылышында эки саякатчы бир өлкө же шаар тууралуу баяндап беришет.