Бишкекке экологияга зыяны жок 210 автобус алып келинди. Сүрөт

Мэрия келишим түзгөн компания жыл аягына чейин Өзбекстандын "СамАвто" ишканасы чыгарган ISUZU үлгүсүндөгү 350 автобус аларын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ордо калаага жүргүнчү ташыган 210 автобус алып келинип, "Ала-Тоо" аянтында жаңы транспортторду тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бул автобустар экологияны булгабайт. Иш-чарадан соң алар дароо маршруттарга бөлүнүп, ишке чыккан.

"Мэрия калааны коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында "Эко Пассажирские перевозки" ишканасы менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага ылайык, компания жыл аягына чейин Өзбекстандын "СамАвто" ишканасы чыгарган япон үлгүсүндөгү 350 ISUZU автобустарын алып келет. Андан кийин өнөктөш компания келишим боюнча 2022-2023-жылдары газ менен жүргөн 9, 10, 12 метрлик 1000дей автобус алмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия аталган ата мекендик компания 1000дей адамды жумуш менен камсыз кылганын кошумчалады.