БШК Акылбек Эшимовдун кармалышы боюнча билдирүү жасады

УКМК Эшимов 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышкан партиянын алдыңкы сабына жайгаштырууну убада кылып жарандан акча алган деп белгилөөдө.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы өз сайтына мүчөсү Акылбек Эшимовдун кармалышы боюнча билдирүү жарыялады.

Эшимовду УКМК ири суммадагы шылуунчулук жасаган деген шек менен бүгүн колго түшүргөн. Тергөө убагында ал УКМКнын абагында болот. Атайын комитеттин айтымында, Эшимов А.Д. аттуу адамга 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан "Кыргызстан" партиясынын алдыңкы бештигине өткөрөм деп убада берген. Бул үчүн БШК мүчөсү "партия лидерлеринин бири" менен 550 миң доллар алып, бирок сөзүнүн өтөсүнө чыга албай 300 миң долларын кайтарып берген. УКМК партия лидери менен А.Д. аттуу жаранды кармаган эмес.

БШК Акылбек Эшимовдун кармалышы боюнча билдирүү жасады

Комиссия БШК жана анын мүчөлөрүнүн партиядан талапкер болуп көрсөтүлгөндөрдүн тизмесин түзүү ыйгарым укуктарына кирбей турганын, "партия иштерине кийлигишүүгө акысы жок" экенин белгилеген. Тизме саясий уюмдардын съезддеринде түзүлөт.

"Мындан улам күч түзүмдөрүнүн билдирүүсүндөгү жагдайлардын БШКнын ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок", — деп айтылат маалыматта. 

Комиссия тергөө акыйкат жүрөт деген ишенимин билдирген.