Кыргызстан Түркия менен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштоодо. Видео

Бишкекте Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын X кеңешмесинен тышкары "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Түркия менен келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолукканда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы Октайдын өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келгендигин билдирди.

"Кыргызстан Түркияны стратегиялык өнөктөш катары карайт. Бизди тилибиз, динибиз, бир туугандык жана достук мамилелерге негизделген байыркы тарыхый-маданий байланыштарыбыз бириктирип турат. Үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Биз түрк тарапка бул мезгилде көрсөтүлгөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси ийгиликтүү өтөрүнө жана натыйжасы жакшы болоруна ишенем", — деген Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы Түркия Кыргызстандын бирден-бир ири соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналарын айткан.

Кыргызстан Түркия менен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштоодо. Видео
"Менин пикиримде, биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарыл. Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз", — деген Марипов.

Ал ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын кошумчалады.

Вице-президент Фуат Октай кыргыз тараптын жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелер ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жатат деп белгилеген.

Кыргызстан Түркия менен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштоодо. Видео
"Кыргызстан биз үчүн стратегиялык өнөктөш, бир тууган элбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жеткирүү максаты бар, кызматташтыкты чыңдоо үчүн күч-аракет жумшайбыз. Кыргызстанга инвестиция тартууга даярбыз", — деген Октай.

Вице-президент өз ара кызыкчылык туудурган жана социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ болгон тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн маанилүү экендигин кошумчалаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын актуалдуу бир нече маселеси талкууланган.

Алар:

  • медициналык багыттагы түрк университеттеринде кыргыз студенттерин окутууга квоталардын бөлүнүшү;
  • Түркиянын ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квота берүүнү жаңыртуу;
  • эки өлкө жарандарынын республикалардын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу;
  • эмгек ишмердүүлүгү үчүн уруксат берүүчү документтердин наркын паритеттик негизде төмөндөтүү.

Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинен тышкары "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.